Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

15:20 Баткен облусундагы мамлекеттик чегараны кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өттү


Бул тууралуу Чегара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда 26-мартта кечки саат алтыларда Аксай айыл өкмөтүнүн аймагындагы чегарадан Тажикстандын Исфара районунун хокими баш болуп, күч структураларынын коштоосунда 150 чукул атуул кирип келип, суу тосулган тосмону ачууга аракет кылышкан. Алар сугат жерлерге төрт күндөн бери суу берилбегендигине байланыштуу суу дамбасын ачууну талап кылышкан. “Капчыгай” чегара бекетинин башчысы мамлекеттик чегараны бузгандарга курал колдонуларын эскерткенде тажик атуулдары артка кайткан. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин кыргыз тарап тиешелүү өлчөмдө сууну тажиктер тарапка кое берип турууга макул болгон. Учурда кыргыз-тажик чегарасында абал турукташып, катуу көзөмөлгө алынганын аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG