Алар Басра шаарында аскерий операцияларды токтотуу, АКШ колдогон премьер-министр Нури аль-Маликинин кызматтан кетүүсүн талап кылышты.Ирак өкмөт башчысы Моктада аль-Садрдын тарапкерлери кирген Махди армиясын куралын таштоого 28-мартка чейин мөөнөт койгон эле. Акыркы маалыматтарга караганда, Багдадда үч күнгө коменданттык саат киргизилди.