Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 13:11

17:50 Зилзаладан жабыркаган Карасуу районунун айрым айылдарына мектеп куруу мүмкүн эмес


Зилзаладан жабыркаган Карасуу районунун айрым Карасөгөт, Тогузбулак айылдарына мектеп курууга мүмкүн эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” Илим жана билим берүү министрлигинен кабарлашты. Бул министрликтин маалыматына ылайык Өзгөчө кырдаал министрлиги аталган кыштактар кооптуу аймакта жайланышкандыктан үй жана социалдык маданий багыттагы имараттарды курууга тыюу салынат деген корутундусун чыгарып, аны токтоосуз аткарууну жетекчиликтен өтүнгөн. Карасуу районунун акиминин орунбасары Абдилсатар Шаятов Өзгөчө кырдаал министрлигинин чечимине макул эместигин, Тогузбулак толук көчүрүлөөрүн, бирок Карасөгөт айылында жаңы мектептин курулушу башталып калгандыгын маалымдады. (АТо)

XS
SM
MD
LG