Азыркы парламент эгемендүү Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу жалаң партиялык тизме менен шайланган. Парламентте үч саясий партиядан келген 90 депутат бар. Төртүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 2007-жылдын 16-декабрындагы парламенттик шайлоодо шайланып келген. Бирок эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар, саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар 2007-жыл 16-декабрдагы парламенттик шайлоо мыйзамды одоно бузуулар менен өткөндүгүн белгилешкен. (ZKo)