Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен бүгүн Жалалабат шаарынын мурдагы мэри Дүйшөнали Мамасалиев кызматынан бошотулду. Мамлекет башчынын башка жарлыгы менен анын ордуна Турат Акамбаев Жалалабат шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. (ZKo)