Буга байланыштуу саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов маалымат жыйынын өткөрүп жер жүзүндө аба ырайынын кескин ысышына көзөмөл жүргүзбөсө адамзаат оор кырсыктарга кабылып оору-сыркоо, өлүм-житим көбөйөрүн белгиледи. Анын пикиринде адамдардын денсоолугуна глобалдык жылуулуктун тийгизген таасирин азайтуу үчүн ар бир мамлекет, окумуштуулар биргеликте иш алып баруусу зарыл. Бүткүл дүйнөлүк денсоолук күнүнө карата иш чаралар 5-апрелде башталган. Буга байланыштуу Бишкекте медициналык окуулар жана кеңештер, спорттук оюндар уюштурулду.(AJ)