Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

ЭлТРдин ЖЕТЕКЧИСИ МЫЙЗАМДУУ АЛМАШТЫБЫ?


"ЭлТРдин" Байкоочулар Кеңешинин макулдугусуз коомдук телерадиокомпаниянын жетекчисин алмаштырган Президенттин буйругун органдын көпчүлүк мүчөлөрү мыйзамсыз жорук катары баалап, өлкө демократиялык нуктан тайыды, ММК эркиндигине доо кетти деп тынчсызданышууда. Жаңы дайындалган баш директордун милдетин аткаруучу мындай пикирлерге кошулбайт.



"ЭлТР" коомдук телерадиокомпаниясынын мурдагы башкы директору Кадыр Кошалиев.

ЭлТРдин Байкоочулар Кеңешинин мүчөсү, өлкөнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер Карымшак Ташбаев коомдук телерадиокомпания жетекчисинин алмашылганын УТРК аркылуу угуп таңкалгандыгын айтып, президент Бакиев жарлыгын жарыя кылаардан мурда Байкоочулар Кеңеши менен бир ооз сүйлөшүп койгондо, "ЭлТРдин" тегерегиндеги кырдаал мынчалык курчубайт эле деген оюн билдирди:

- Мен телевизордон КТРден уктум. Мен дагы абдан таң калдым. Байкоочулар кеңешинин төрагасы, анын орунбасары, мүчөлөрү бар. Ошолордун бардыгын чакырып, пикирин угуп, анан бир кадамга барышса жакшы болор эле. Кадр маселелери боюнча ар кандай башаламандыктар, келишпестиктер болуп атат. Мунун дагы чындык тарабы болсо керек.

ЭлТРдин байкоочулар Кеңешинин төрагасынын орун басары Токтобай Мүлкүбатов «Кыргызстан эми анык демократиялык нуктан тайыды. Акүй камчысын чаппаган массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерин Акаев заманындагыдай куугунтуктоо же башка жумушка которулду деген шылтоо менен жумуштан четтетүү - авторитаризмдин жышааны» деп кабатырланууда:

- Биринчиден, демократиялык принцип бузулду. Экинчиден, дүйнөлүк демократиялык коомчулуктун алдында Кыргызстанда маалымат каражаттарын муунткан деген сөзгө дагы кала турган болуп атабыз. Балким, президент аны билбестир, бери жактагылар ага түрткөндүр. Кадыр Кошалиевдин күнөөсүн мойнуна коюшса болмок. Бирок ага карабай формулировка жүрүп атат, башка ишке которулгандыгына байланыштуу деп. Кайсы ишке которулгандыгын айтып коюш керек. Демократиянын өзгөчөлүгү ошондой.

"ЭлТРдин" жаңы дайындалган баш директорунун милдетин аткаруучу Мамырайым Дуванаев «Коомдук телерадиокомпаниянын Жобосу бузулган жок. Мен бул жерде убактылуу гана жетекчимин» деп эсептейт:

- Талапкерлигимди президенттин указы менен бекитип атканда телекомпаниянын өзүнүн жобосуна ылайык Байкоочулар Кеңешинин макулдугу менен болот деп мен өзүм да тааныштым. Ошон үчүн мен азырынча директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалдым. Буюрса, Байкоочулар Кеңеши менен атайын заседание өтөт болуш керек жакын арада. Ар бир байкоочунун өзүнүн көз карашы, пикири бар. Сөзсүз эле жүз пайыз шайланып калам деген деле пикир жок менде, алар өздөрү чечет.

Мамырайым Дуванаев "ЭлТРдин" мурдагы баш директору Кадыр Кошалиев жүйөөлүү себептерден улам кызматынан четтетилгендигин кошумчалады.

- "ЭлТРдин" жетекчилигин алмаштыруу жөнүндө жаңы жылда эле сөз болгон. Кызматтык айрым бир катачылыктар кетирилгенин мен уккан жайым бар. Кадыр Кошалиев менен мен буга чейин кесиптеш катары дагы, экөөбүз бири-бирибизди билген киши катары дагы сүйлөшүп жүргөнбүз бул маселеде.

Эске сала кетчү жагдай: УТРКнын Байкоочулар Кеңешинин мүчөлөрүнүн пикир келишпестигинен улам Мелис Эшимканов Улуттук биринчи телеканалдын баш директорлугуна эмдигиче бекий элек. Серепчилердин баамында, "ЭлТРди" да кудум ушундай тагдыр күтүп тургансыйт. Себеби, соңку маалымат караганда, "ЭлТРдин" Байкоочулар Кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү өлкө башчысы Курманбек Бакиевге Кайрылуу жолдошту.
XS
SM
MD
LG