Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Кытайдын Тибеттеги зомбулугу Парижде Олимпиада от жүрүшүнүн үзгүлтүккө учурашына түрткү болду


Франциянын баш калаасында демонстранттар полиция менен кагылышып жаткандыктан, отту эки ирет автобус менен ташууга туура келди. Полиция ар бир жолу отту өчүрүүгө туура келгендигин бышыктады.
Активисттер атактуу Ейфел мунарасынан Олимпиаданын беш айлампасы колго салган беш кишен түрүндө тартылган кара желекти желбиретишти. Парижди айлантып от менен чуркап келаткандардын алдына бой таштагандардан бешөө камакка алдынды:

- Тибетке эркиндик! Коммунисттик Кытай жоголсун! Тибетке эркиндик, Тибетке эркиндик, жоголсун кытайлар! - деп кыйкырып жатышты демонстранттар.

Кечээ Лондондо Кытайдын Тибеттеги демонстрацияларды күч менен басышына нааразы болгон демонстранттар Олимпия отун тартып, алып, аны өчүрүүгө аракеттеништи. От жүрүшүн үзгүлтүккө учуратуу аракети үчүн анда 36 киши камакка алынган. Парижде от жүрүшүнө байланыштуу коопсуздук чаралары кескин күчөтүлдү. Эл аралык Олимпиада комитетинин жетекчиси Жак Рогге Олимпия отун Кытайга жеткирүүнүн кечеңдешине өтө тынчсызданып жаткандыгын билдирип, Тибеттеги кырдаалды тез арада жана тынчтык жол менен жөнгө салууга чакырды.

XS
SM
MD
LG