Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:26

КАЗАК АРТИСТТEРИ КЫРГЫЗСТАНДА


Бүгүн Бишкекте Казакстандан келген Калибек Куанышбаев атындагы казак музыкалык-драма театрынын гастролу башталат.

Аталган театр бул жылы 16-театралдык сезонун ачат. Мына ушул убакыт аралыгында театрда белгилүү драматург-жазуучулардын чыгармаларына спектаклдерди коюп, учурдун актуалдуу маселелерин чагылдырдыргандыгын айтат Калибек Куанышбаев атындагы музыкалык-драма театрынын жетекчисинин орун басары Бейбит Бахтыгереев.

Театрдын репертуарында ошондой эле кыргыз калемгерлеринин да чыгармалары бар. Алсак Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн, “Ак кеме”, Мырза Гапаровдун “Кызганчаак аялдардын кечи” жана башка спектаклдер. Бейбит Бахтыгереевдин айтуусунда “Кылым карытар бир күн” спектакли театрдын репертуарындагы алдыңкы орунда турган оюндардын бири. Бул спектаклден тышкары кыргыз көрүүчүлөрүнө Дуулат Исабековдун “Актриса”, америкалык драмутрг Дельмардын “Баянсыз бак”, казак драматургу Абдижамил Нурпейисовдун “Кан менен тер” жана башка ушул сыяктуу оюндар сунушталат.

Орус драма театрынын кызматкери Татияна Степкичованын айтымында соңку убакта театрга четтен артисттер байма-бай келе баштады. Ал казак артистеринин да сапары жакшы таасирлерди берет деген пикирде.

-Ар бир адамды, өзгөчө театр ишмерин башка элдердин спектаклдери кызыктырбай койбойт. Себеби алардын кандай иштеп атканын көрүп, салыштырып, жакшы нерселерди алсаң болот. Анын үстүнө артисттер көрөрмандардын ордунда олтуруп, сахнадагы кесиптештеринин ойногонун көрүп, өздөрүнүн кемчиликтерин байкай алышат.

Калибек Куанышбаев атындагы музыкалык-драма театрынын артистери Кыргызстанга алгачкы ирет келишүүдө. Аталган театрдын жетекчисинин орун басары Бейбит Бахтыгереев Бул сапарыбыз кыргыз-казак театр ишмерлеринин ортосундагы көпүрө болот, мындан ары карым-катышыбыз тереңделет деген пикирин билдирди.

Бейбит Бахтыгереевдин сөзүн улай, кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова карым-катыш, достук мамиле, чыгармачылык байланыш өнөр адамдары үчүн гана ийгиликтерди алып келбестен, көрүүчүлөр үчүн да керек деди.

Калибек Куанышбаев атындагы музыкалык-драма театрынын Бишкектеги чыгармачылык сапары 9-апрелден тарта 13-апрелге чейин созулат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG