Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

М.ЖУРАЕВ: КАРКЫРА МАСЕЛЕСИНДЕ КЫРГЫЗСТАН УТТУРГАН ЖОК


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Талаштуу Каркыра жайлоосу жана чек ара маселелери боюнча “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаты, кыргыз-казак чек арасы боюнча парламенттик комиссиянын мүчөсү Мурат Жураев жооп берди.

-Мурат мырза, парламенттик комиссия чек арадагы талаш маселелер менен жеринде таанышып келгенден кийинки жыйынтык кандай болду?

-Биринчиден, биз Каркырада болуп келдик. Барардан мурун көп сөздөр болгон, “бул туурабы, же туура эмеспи, биз көп жерлерди казактарга берип коет экенбиз” деген сөздөр болгон. 2005-жылдары мен ошол сөздөрдү укканмын. Бирок ошол Каркыра маселесин өз көзүм менен көргөн эмесмин. Комиссиянын курамында 20 депутат бардык. Бирок маселе бул жерде мынчалык эмес экен. Жакшы эле экен.

Себеби биз эл менен жолугуштук, алар бул туура деп айтышты. Мен дагы алар менен өз алдынча сүйлөштүм. Ысыккөлдүн Түп районундагы элдин бардыгы ыраазы. Бул бир жагы. Бул жерде биз казактарга көбүрөөк берип койдук, же алып алдык деген сөз жок. Себеби биз өз жерибизди карап, мыйзамдаштырып, өз жерибиз калды. Бул Каркыра боюнча маселеге тиешелүү.

Ал эми Талас маселеси ошол бойдон калып калды. Кечээ комитетте дагы ратификация кылабыз деп чечим кабыл алышты, бирок Таластын Клин деген жери калып атат. Мына өзүбүздүн Токмоктогу Дружба айылы бар. Бул дагы калып атат. Муну болсо комитет биз ратификация кылгандан кийин кайрадан сунуш берип, өзгөртүүгө сунуш беребиз деген чечим чыкты. Бирок эң өкүнүчтүүсү – бул жерде Токмок шаарынын Дружба айылынын алдындагы 800 метр биздин стратегиялык жолубуз, Бишкек-Торугарт деген жол казак тарапка өтүп кетет. Бул ратификациядан кийин сөзсүз ошол жерге казак тарап бажы кое алат.

-Мурат мырза, Каркыра жайлоосундагы алмаштырылып жаткан жерлердин айырмасы кандай экен? Бийлик тарап айтып жаткандай чын эле ушундан Кыргызстан утабы?

-Жок, каражаттан эч кандай бийликке каршы жок, туура эле болгон. Себеби биз ошол жерге барып, жеринде көрдүк. Кыргызстандын кызыкчылыгы Каркыра боюнча жок. Мен мына ушуну айтып коюшум керек. Бирок Талас менен Токмокто проблема бар.

-Демек Каркырада эч кандай маселе жок деп эсептейсизби?

-Ооба, Каркыра маселесинде эч кандай проблема жок. Бул жерде Кыргызстан уттурган жок.

-Жерлердин берилишине коомчулукта нааразычылыктар көбөйдү. Эгерде парламент бул келишимди жактырса, анын арты кандай болушу мүмкүн?

-Жок, мен Каркыра боюнча айттым, бул боюнча маселе жок. Суроо Таластагы Көксай айыл өкмөтүндө бар, эл нааразы жана мына Токмокто 800 метр деп айтып жатабыз, бирок 800 метрдин аркасынан эртең эле суроо чыгат. Себеби казак тарап биздин жолго бажы коюп койсо, биз ошол жолду кайрадан башка жерде куруш үчүн көп миллиондогон акча кетет. Булар жолду жаап коет. Жаппаса, бул Казакстанга жана Кыргызстанга өтө чоң проблеманы жаратат. Себеби бул мыйзамсыз аткезчиликтин аймагы болуп калат. Менимче, ратификациядан кийин биринчи кезекте Казакстан ошол жерге өзүнүн бажы бекетин орнотот.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG