Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

11:40 К.Акунов: Азыркы бийликтен акыйкаттыкты, адилеттикти, чындыкты күтпөй калдык


Бул тууралуу Бектемир Акуновдун бир тууган иниси К.Акунов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Нарын шаарында өткөн жылы 15-апрелде1937-жылдагы репрессиянын уландысына туш болгон Бектемир Акуновдун өлүмүнө Нарын ШИИБнин ошол кездеги жетекчиси Т.Нуралиев, Нарын шаарынын мэри Б.Богачиев,экс-губернатор Ж.Азылов,ИИМ мурдагы министри Б.Ногойбаев түздөн түз күнөөлү. “Президент К.Бакиев Конституциянын кепили катары ушул күнгө чейин Б.Акуновдун өлүмүнө күнөөлүү милиция кызматкерлерин мыйзамдын чегинде жоопко тарттыруунун ордуна, аларды жогорку кызматка көтөрүп, мамлекеттик сыйлыктарды бердирип, губернаторду элчи кылып чет мамлекетке жиберди. Ошондуктан азыркы бийликтен чындыкты күтпөй калдык”,-дейт “Бектемир Акунов атындагы коомдук корунун” жетекчиси К.Акунов. (AJ)

XS
SM
MD
LG