Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

18:59 Cузак районунун бир топ тургундары Жалалабат облустук бийлигине кайрылышты


Райондун Ташбулак айлынын бир топ жашоочусунун жер үлүштөрү эки жыл мурда турак-жайга муктаж болгон 40 кишиге бөлүнүп берилген. Арыздангандардын айтымында, алар бир жарым жылдан бери мыйзамдуу жер үлүштөрүнө ээ боло алышпай, кайрылбаган жери калган эмес. Мындай маалымат мүмкүнчүлүгү чектелген Рахила Аккозуева менен 80 жаштагы ардагер Астанакун Шакиров менен Аймира Жумаевадан 14-апрелде алынды. Жер үлүштөрүн турак-жай үчүн бөлүштүргөндө алар менен макулдашпаган. Алардын буга чейинки арыз-муңун Жалалабат шаар мэриясы, жерге жайгаштыруу мекемеси, прокуратура, облбийликтин жооптуу кызматкерлери укканы менен үлүшүн кайтарып берүү талабын аткарышпаган. Сот уюмдары доо арыздарын кабыл албаган. "Адилеттикти кайдан кантип табаарыбызды билбей калдык",- деди Рахила Аккозуева. (YA)

XS
SM
MD
LG