Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

ШИРАЗДАГЫ ЖАРДЫРУУ, ЖЕ БИЙЛИК СӨЗҮНӨ ЭЛ ИШЕНБЕГЕНДЕ


Амирбек Усманов, Прага Иран бийликтери 12-апрелде өлкө түштүгүндөгү Шираз шаарындагы мечитте болгон жардыруу тергелип жатканын маалымдады. Жардыруудан 12 кишинин каны төгүлүп, 200дөй динзар жарадар болгон. Күбөлөрдүн айтымында, мечитте бомба --> http://azattyk.kg/rubrics/security/ky/2008/03/CDBF863C-EABB-43DD-91E5-AEA5B82C8869.asp жарылган. Бийликтер капылет кырсык эскиден сакталып калган каруу жарактан болду дешүүдө. Ошол эле учурда бийликтер жардырууну шираздык бахаилерди куугунтуктоо үчүн пайдаланышы ыктымал деген да чочулоолор айтылууда.

Жардыруу 800дөй динзар куптан намазга жыгылганы жаткан маалда болгон. Күбөлөрдүн бири «Фарда» радиосуна берген интервьюда жардыруу тууралуу буларды айтты:

-Жардыруу 9 ченде болду. Мечитте аялдар жана эркектер намазды бөлөк-бөлөк окушат. Бул өтө жаман окуя болду. Мен өз көзүм менен көрдүм: Интернет-сайттар жазгандан да көп адам жапа чекти. Шираздагы тез жардам машинелеринин баары мечитке келгенине караганда, өлгөндөр менен жарадар болгондор да көп болду деп ойлойм.

Ошентип, күбөлөр менен айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Хосейние Сеид ол-Шохада мечитинде бомба жарылды деген ишенимде. Иран бийликтери болсо жардырууга 1980-88-жылдардагы Иран-Ирак согушуна арналган көргөзмөдөн калган каруу жарак себеп болгонун айтууда.

Айрым ирандыктар 12-апрелдеги капылет окуя тууралуу кеңири маалымат берилбегенине нааразы. Казерундук Аббас деген угарман «Фарда» радиосуна чөнтөк телефонунан жөнөткөн Есемес катында: «Өкмөттүк телеканал (Седа ва Сима) кырсыкты жаап жашырганга катуу аракет кылууда» деп билдирет. «Шираздагы жардырууга байланыштуу эч бир ырасмий адам көңүл айтуу жиберген жок. Палестиналык бир бала өлсө көңүл айтылат», деп жазат башка бир угарман.

Ирандын маалымат каражаттары Шираз мечитинде болгон кандуу алаамат жөнүндө учкай кабар берип чектелишкенин Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өкүлү Машалла Шамсолвазезин да тастыктады. Анын айтымында, бийлик коопсуздукка артыкча көңүл буруп, ММКлары катуу көзөмөлгө алгандыктан, эл өкмөттүн берген маалыматына ишенбейт. Ушундан улам көпчүлүк эл Шираздагы жардыруу жөнүндө тыш өлкөлөрдүн перс тилдүү булактарынан маалымат издешүүдө.

Кээ бир байкоочулар бийлик Шираз мечитинде болгон жардырууну пайдаланып, шаардагы бахаилерди кысмакка алат деп кооптонушат. Күтүлгөндөй эле бахаилерди каралоо аракети болуп жатканын шираздык Ахад деген угарман «Фарда» радиосуна билдирди:

-Полиция бул окуяны кокустук катары мүнөздөөгө аракеттенүүдө. Ошол эле учурда жарадар болгон жана өлгөн адамдарды жамандыктын курмандыгы катары көрсөтүлүүдө. Алар мечитте намазгөйлөрдү биздин ардактуу Бахаиге каршы тукурушту. Алар биздин бахаилерди каралагысы келүүдө.

Айтылгандай эле, Парс провинциясындагы таанымал диниятчы Хожатиислами Мохаммад Энжавинежад дават сөзүндө бахаилер менен вахабийлерди динбузарлар деп үзбөй каралап сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG