Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков бүгүн өкмөттүн отун-энергетика боюнча комитетинин отурумунда билдирди. Министр “Кыргызстандын 2008-2010-жылдардагы энергетикалык программасы жана отун-энергетика тармагынын 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы” аттуу долбоорду сунуштады. Балкыбековдун айтымында, ушул тапта өлкөдө жылына 400 миң тоннадан ашыгыраак көмүр өндүрүлөт. “2025-жылы бул санды беш млн.го чейин жогорулатууну көздөп жатабыз”, - деди Балкыбеков. Ал эми мунай өндүрүүдө министр чоң алдыга жылуулар болооруна көзү жетпестигин билдирди. (AiJu)