Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

17:50 Нарында бир катар мугалимдер май айында нааразылык акцияга чыгарын билдиришти


Нарын шаарынын мектептеринин бир катар мугалимдеринин май айында нааразычылык акцияларга чыгуулары күтүлүүдө. Мындай маалыматты Нарын шаарындагы Арстанбек Буйдаш уулу атындагы орто мектептин мугалимдери “Азаттыкка” билдиришти. Алар Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын жана президент Курманбек Бакиевдин өткөн жылдын декабрь айында кол койгон жарлыгынын ишке ашырылбагандыгына нааразы. 2003-жылдын 30-апрелинен 2008-жылга чейинки мугалимдердин жогоруда аталган эмгек акылары, 2008-жылдын январь айынан берки кошулуучу 30 пайыздык кошумча төлөөлөр жүргүзүлө элек. “Эгерде апрель айында мыйзам жана жарлык ишке ашпаса, анда май айында митингге чыгып, атүгүл иш таштоого барууга аргасызбыз”, - дейт орто мектептин мугалими Айша Сопуева. (KUs)

XS
SM
MD
LG