Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

ДҮЙНӨДӨ KҮРҮЧТҮН КҮЙГҮЛТҮГҮ БАШТАЛДЫ


Дүйнөлүк рынокто күрүчтүн таңкыстыгы күч алып, көп өлкөлөрдү дүрбөлөңгө сала баштады. Акыркы аптада эле бир тонна күрүчтүн баасы миң долларга чыкты. Экономисттер бул көрсөткүч дагы жогорулайт дешет. Жалпы эсепте соңку бир жыл ичинде эле күрүч 70 процентке кымбаттады --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/E7464F46-F0D0-40B1-B4C7-C80B45CC758A.asp . Жер шарындагы көңкү калктын тең жарымы – үч миллиарддан ашык эл негизинен күрүч менен жан багат.

Акыркы аптада бир катар өлкөлөрдө, алардын ичинде 130 миллион калкы бар Бангладеште базарларда сатыкка күрүч чыкпай, таңкыстык пайда болду. Филиппинде анын отуз процентке жетпеген запасы калды. Адатта сырттан эң көп күрүч сатып алып турушкан Иранда, Индонезияда, африкалык бир катар өлкөлөрдө импорттун көлөмү кан буугандай кыскарды. Ал эми Таиланд, Вьетнам сыяктуу негизги экспортчу өлкөлөрдө болсо фермелер баанын дагы кымбатташын күтүп, күрүчтү сатыкка чыгарбай, кампаларга жыйнай башташты.

Түзүлгөн жагдайга тынчсызданып, азиялык айрым өлкөлөр, айрыкча Филиппин өкмөтү антикризистик чараларды кабыл алышты. Күрүчтүн таңкыстыгы Кытайда да катуу сезиле баштады. “Азык-түлүктөр кымбаттап бараткан шарттарда калктын жакыр катмары тапкан-ташыган акчасынын 40 процентин тамак-ашка сарп кыларын эске алганда, Кытайда бул жагдайдын көп адамга капшабы тийиши мүмкүн”, - деп эскертти Ройтерстин кабарчысына азиялык финансы рыногу боюнча аналитиктердин бири Гене Ма.

Гаити да күрүч экспортунан кириеше алып келген өлкөлөрдүн бири эле, бул жерде жылдык дүң түшүмдүн 80 проценти тышка сатылчу. Бирок соңку айларда күрүч калктын өзүнө жетпей калды. Мунун айынан массалык тополоң тутанды, кагылыштарда сегиз киши мерт болду. Улуттар Уюмунун азык-түлүк программасы Гаитиге сегиз миң тоннадан ашуун шашылыш жардам керектигин айтууда. Өлкөнүн борборундагы базарларда азыр чөп-чардан, карамайдан жана канттан жасалган токочтор сатылууда.

Ушул айдын этегинде Улуттар Уюму Женевада дүйнөлүк азык-түлүк кризисине арналган атайын жыйын өткөргөнү жатат. Эксперттер эгер түзүлгөн кырдаалды ооздуктоо боюнча чукул чаралар көрүлбөсө, анда дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүн быйыл туташ гуманитардык кризис капташы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Филиппинде жайгашкан эл аралык изилдөө институту жакыныда атайын доклад жарыялап, күрүчтүн кымбатташын шарттаган бир нече себептерди атады. Баарыдан мурда дүйнөдө шалы эгилген аянттар кыскарды, аларга баштагыдай кенен-кесир суу жетпей калды. Өстөндөрдү жана дарыяларды азиялык көп өлкөлөрдө өнөр жайдын жана шаарлардын керектөөсүнө пайдалана башташты. Натыйжада күрүч өндүрүшү кыскарды, бирок аны керектөө күч алды. Күрүчтүн түшүмүнө табигый кырсыктар, алардын ичинде Индонезиядагы, Бангладештеги суу ташкындары, Кытайдагы жана Вьетнамдагы үшүктөр да таасирин тийгизди.

XS
SM
MD
LG