Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:25

18:17 “Акыл ордо” кеңеши Каркыра жайлоосу менен төрт пансионат боюнча кайрылуу кабыл алды


Каракол шаарында “Акыл ордо” кеңешинин үчүнчү отуруму өттү. “Эл, жер тагдырын чечүүдө коомчулуктун ролу” деп аталган бул талкууга “Акыл ордо” кеңешинин уюштуруу комитетинен Эмил Каптагаев, Мукар Чолпонбаевдер катышты. Өкмөт тараптан чакырылган мамлекеттик мүлк жетекчиси Турдумамбетов баштаган Алканов сыяктуу тиешелүү адистер келген жок. Акыл ордо кеңешинин уюштуруучуларынын бири Таалай Абдылдаевдин айтуусунда, отурумдун аягында Каркыра жайлоосунан 620 гектар жерди казак тарапка биротоло өткөрүү жана төрт пансионатты ижарага берүү боюнча Жогорку Кеңештин кабыл алган мыйзам долбоорун негизсиз деп тапты. “Ошондуктан президент Курманбек Бакиев бул Указга кол коердон мурда ысыккөлдүк 25 өкүлдү он күн ичинде кабыл алып, сүйлөшсүн” деген талаптары жазылган кайрылууну жолдошту. (RB)

XS
SM
MD
LG