Канттагы Орусиянын аскердик аба базасында кызмат өтөгөн Максим Зотовдун МАИ кызматкеринин кызматтык куралынан жараланышына байланыштуу Ички иштер министрлиги тергөө иштерин баштады. Бүгүн бул тууралуу маалымат жыйында Ички иштер минстринин орун басары Темиркан Субанов билдирип, окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын айтымында, окуя 19-апрелден 20-апрелге караган түнү саат 02:30 чамалай болгон. Алдында гана B 7554 N номери бар “Тойота-Аристо” автомашинасы жол эрежелерин одоно бузуп, МАИ кызматкеринин токтотконуна баш ийбей жогорку ылдамдыкта токтобой кеткен. МАИ кызматынын мобилдүү тобу качкан автомашинаны Кант шаарында кармашкаса да анын айдоочусу менен жүргүнчүлөрү каршылык көрсөтүшкөн. Темиркан Субановдун айтымында, милиция кызматкерлери асманга беш жолу эскертүү иретинде ок чыгарышканы менен кармалгандар каршылык көрсөтүүнү токтотушкан эмес. Натыйжада, автомашинанын айдоочусу Максим Зотов төшүнөн жаракат алган. Аны менен кошо унаада казак улутундагы Даулет Шульгаувов менен дунган улутундагы Рахим Ясыровдор болушкан.
Буга чейин Кыргызстандагы орус элчилиги орусиялык аскер кызматкерине МАИ кызматкерлери кол салышкан деген маалымат таратышкан эле. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканага жеткирилген орус аскери мас абалында түшкөнүн билдирген. (IJz)