Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыздын белгилүү эстрада ырчыларынын катышуусундагы концерттен түшкөн каражат багар-көрөрү жок балдарга жумшалмакчы. Концертти Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттик кеңеши уюштуруп жатат. Окуу жайдын студенттик кеңеши тараткан маалыматка ылайык концерттен түшкөн каражатка окуу куралдары, китеп-дептерлер алынып, балдар үйлөрүнө таркатылмакчы. (IJz)