Линктер

шейшемби, 26-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:06

17:30 “Ак жол” фракциясынын мүчөлөрү Кытайдан келген делегация менен жолугушту


Бүгүн Жогорку Кеңеште “Ак жол” фракциясынын мүчөлөрү Кытай Эл Республикасынын Коммунисттер партиясынын борбордук комитетинин мүчөлөрү менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин, эки өлкөдөгү саясий, социалдык жана экономикалык ал-абалды талкуулашты. Кыргыз тараптан жолугушууга “Ак жол” фракциясынын төрагасы Элмира Ибраимова, Региондук өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитеттин төрагасы Аскар Салымбеков жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитеттин төрага орун басары Автандил Арабаев катышты. Ал эми Кытайдан келген делегациянын курамында Кытайдын Коммунисттер партиясынын мүчөлөрү, депутаттар Ли Мин, Ван Мин жана Кытайдын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Чжан Яньнянь болду. Жолугушуу соңунда Кытайлык делегаттар “Ак жол” фракциясынан делегаттарды Кытай Эл Республикасына иш сапар менен барып кетүүгө чакырышты. (IJz)
XS
SM
MD
LG