Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Учкучу жок учактын атып түшүрүлүшү Грузия менен Орусиянын мамилесин курчутту


Ырасмий Тбилиси грузиянын пилотсуз учагын Орусиянын аба күчтөрү атып түшүргөнүн маалымдады. Грузин президенти Михаил Саакашвили орус президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Москванын Тбилисиге болгон баскынчылык аракеттерин тезинен токтотууну талап кылганын билдирди. Путин болсо грузин учагы жаңжалдуу аймакта болгону кырдаалды курчутаарын айткан. Орусия менен Грузия ортосунда кризис БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бүгүнкү жыйынында талкууланат. Грузиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Ираклий Аласаниянын билдиришинче, жыйынга орусиялык учактардын аба чабуулун тастыктаган маалыматт берилет.

XS
SM
MD
LG