Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:45

17:20 Бүгүн “Ата Мекен” партиясынын Жалалабат облустук саясий кеңеши жыйын курду


Саясий кеңеш “Акыйкат үчүн” жана “Акыл ордо” уюмдарынын чечим-талаптарын колдоп чыкты. Каркыра жайлоосу менен көлдөгү төрт пансионатты кайтарып алуу үчүн боло турган жөө жүрүштү кубаттады. Жыйында айтылгандай, өлкө бийлиги Кыргызстандын элине таандык болгон жер жана кең байлык маселесин эл менен кеңешпей, шашылыш түрдө чечүүдө. Жогорку Кеңеш кыргыз-казак чегарасы тууралуу келишимди да келечек ээлеринин кызыкчылыгын эске албай бекитти. Мындай маалымат партиянын облтөрагасынын орунбасары Кадырбек Жакыповдон алынды. Анын айтымында, жыйынга Жалалабат, Сузак, Базаркоргон аймактарынан келген өкүлдөр катышты жана алар парламенттин колу менен бериле турган жерлерди Кыргызстанга калтыруу, энерготармак, жер, табигый кендердин сатылышын токтотууну талап кылышты. (YA)

XS
SM
MD
LG