Талиптер козголоңчу аракеттерин Ооганстандын түштүгүндө жана чыгышында улантышууда. НАТОнун өкүлү Марк Лейтинин маалымдагандай, акыркы эки жылда козголоңчулардын иш-аракети күчөгөн, бирок бул эл аралык коопсуздук күчтөрдүн талиптерге каршы күрөшүн көбөйткөндөн кийин болгон. Март айында БУУнун Коопсуздук кеңеши 2007-жылы Ооганстанда козголоңчулар жана террорчулардын аракети мурдагы жылга салыштырмалуу дароо көбөйгөнүн жана набыт болгондордун саны арбыганын билдирген болчу.
НАТО: Ооганстанда талиптердин зордук-зобулугу өлкөнүн төрттөн бир бөлүгүндө гана уланып жатат