Жабык өтүп жаткан жыйында Москва менен Тбилисинин учактан улам тутанган кайым айтышуусу талкууланмакчы. Грузия учкучу жок учагын атып түшүрдү деп Орусияны айыптоодо. Расмий Москва учак Абхазия тараптан атылганын билдирген. 23-апрелде АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс Грузиянын Тышкы иштер министри Давид Бакрадзе менен жолугушуп, Кошмо Штаттар Грузиянын мамлекеттик бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн бекем колдой тургандыгын айткан.