Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:12

Т.КАКЧЕКЕЕВ: УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫ БИЙЛИКТИН АДВОКАТЫ БОЛУП КАЛГАН


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Каркыра жайлоосундагы жана Ысыккөлдөгү төрт пансионаттын Казакстанга берилүүсүнө каршы “Ыйык Ата Журтту коргоо” комитети уюштуруп жаткан акцияга жана Шаардык прокуратуранын оппозицияга эскертүүсүнө --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/FC550AF9-8414-4AA3-A94C-47D787A1B5EC.asp байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна саясат таанучу Токтогул Какчекеев жооп берди.

-Токтогул мырза, сиз убагында Башкы прокуратуранын маалымат кызматын жетектеп, ал органдын ички иштерин жакшы билип калбадыңызбы. Мына жакында Шаардык прокуратуранын оппозициячыл бир катар саясатчыларга берген эскертүүсү коркутуубу, же мыйзам чегинде катардагы укук коргоо органдарынын ишиби?

-Шаардык прокуратураны, же Башкы прокуратураны, же Ички иштер министрлигин күнөөлөш болбойт. Анткени биздин саясий менталитет жана саясий жол ушундай болуп калган. Анткени укук коргоо органдарынын бардыгы тең бийликтин кызыкчылыгын талашып, же анын адвокаты болуп калган. Ошондуктан бүгүнкү күндө кыйкым табыш оңой. Сиз дагы көчөдө басып баратсаңыз, сизге дагы иш козгогонго оңой, анткени бийлик өзү Конституцияны ыйык тутпагандыктан болуп жатат.

Конституция бийлик менен жарандардын ортосундагы регулятор болот. Ал эми Конституцияда эркиндик, эгемендик, адам укугунун гаранты болуп жаткандыктан кийин башында турган мамлекеттик президент мамлекеттик гранты болгондон кийин ар бир жарандын кепили болуш керек. Ошондуктан ушундай түшүнүш керек. Мен ойлойм мунун бардыгын тең ылдый жакта отурган аткаминерлер ойлоп, тоскоолдук кылганга аракет кылууда.

-Токтогул мырза, эми жер маселесине кайрылсак. Жерге байланыштуу нааразылык акция Түптөн башталганы турат. Жөө жүрүш жаз жарышында жер айдап, үрөн себүүгө тоскоол болот деп кооптонгондор дагы бар. Бул саясий акцияны уюштуруп жаткан “Ыйык Ата Журтту коргоо” комитетинин бул иш-аракети канчалык жүйөлүү жана мыйзамдуу?

-Бул кыргыз эли илгертеден келе жаткан намыстуу, бийик, адал, таза эл болот. Эгерде намысына тийип, адилетсиздикти жүрөгү менен сезип калган болсо, ал жер айдоо эмес, үйблөсүн таштап, атына минип, кылычын байланып кеткен эл болгон. Ошондуктан бүгүнкү күндө кайдагы бир базаркомдун сөзүн айтып, “базар калды, казан кайнабай калды, жер айдалбай калды” деген бул куру сөз. Бул жөн гана шылтоо. Бирок калың элдин ичинде ушундай сезим пайда болгондон кийин эл жүрөгү менен сезип атат да. Анткени бүгүнкү күндө мурун эле келе жаткан мандемдер башталып баратат.

Мына эсиңерге сала кетейин, бүгүнкү күндө Сох, Варух, Шахимардан, Анжиян, андан тышкары Үзөңгүкууш, эми Каркыра болуп жатат да. Элдин аң-сезиминде, элдин ички оюнда эл кандайдыр бир ата-бабадан калган жерибиз, ушундай кыскарып, элдин кеңеши жок, эл макулдугу жок, болгону бир партиянын күчү менен кетип жатат деген ой элге терең тарап кеткен да. Ошон үчүн ушул иштер болуп жатат.

-Токтогул мырза, расмий бийлик алдыда болчу акцияны кайсы бир күчтөрдүн саясий оюну катары баалашууда. Ал эми айрым бир саястчылар жер, энергетика байланыштуу маселени бийлик менен оппозиция сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин айтышууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

-Менин бир гана оюм бар: кыргыз элине керектүү жана пайдалуу иш болсо, ал туура иш. Кыргыз элине пайдасыз, жетим-жесирлерди кыйнап койсо, ал жаман иш. Ошондуктан шайлоо болобу, сүйлөшүү болобу, кеңеш жолу болобу, мунун бардыгы тең ачык-айкын чечиш керек. Ошонун ичинен канчасы элге пайда, канчасы өкмөттүн өнүгүүсүнө пайда, канчасы биздин өндүрүштүн өнүгүүсүнө пайда деген жол менен эсептеп, анан ошону көрсөтүш керек.

Же болбосо бүгүнкү күнгө чейин биз көрүп жатабыз да, стратегиялык нерселердин бардыгы тең эле эң жакшы, эң сонун, пайда келет дегени менен бүгүнкү күндө казына толбой жатат да. Ошондуктан жалпы казына жалпы кыргыз элинин бакытына, таалайына, балдарына, ветерандарына, көп балалууларга жардам бериши керек. Ошондо гана бул туура иш болот.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG