Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн зарылчылыгы контрактык негизде аскердик кызмат өтөөнүн киргизилиши, Куралдуу күчтөрдү табийгый кырсыктарды жоюуда жана терроризмге каршы күрөштө пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүгө байланыштуу келип чыккан. Мыйзамдын демилгечиси коргоо министри Исмаил Исаковдун билдирүүсүнө караганда, учурда Куралдуу күчтөрдүн 30-40% контрактык негизде тартылган аскерлерден турат. 2025-жылдан тарта аскерлер 100% контрактык негизде кызмат өтөмөкчү. Бул эми иштелип чыга турган Аскердик доктринада каралат. (AiT)