Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

АКШ Конгрессине Түндүк Корея Сирияга өзөктүк реактор курууга жардам көргөзүп жаткандыгы боюнча далилдер берилери күтүлүүдө


Бул тууралуу Вашингтондон түшкөн кабарларда айтылат. Америкалык расмий өкүлдөрдүн маалыматтарына караганда, конгрессмендерге Түндүк кореялыктар былтыр жайында Сириянын өзөктүк объектисинде жүргөнү тартылган видеотасма сунушталат. Ал жай былтыр сентябрда Израилдин аскерий учактары бомбалаган жана видеотасма Израил тарабынан тартылгандай. Бул аралыкта Сириянын Улуттар уюмундагы өкүлү Башар Жаафари анын өлкөсү Түндүк Кореядан жардам алып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды төгүндөдү.

XS
SM
MD
LG