Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

17:27 26-апрелде баштала турган жөө жүрүшкө даярдык көрүлүүдө


“Ыйык жерди коргоо” жана “Революциялык комитет”, “Акыйкат үчүн” кыймылы, “Ата Мекен” партиясы”, “Акыл ордо” кеңеши өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн, андан биринчилерден болуп Каркыра жайлоосун казак тарапка бербей алып калуу үчүн 26-апрелдеги Каракол-Балыкчы жүрүшүнө даяр турат. “Акыл ордо” кеңешинин Ысыккөлдөгү өкүлү Таалай Абдылдаевдин айтуусунда, жөө жүрүш 26-апрель күнү Түп районунан башталат. Ал үчүн 500-500 дөн миңдей киши көлдүн тескей жана күңгөй тарабынан сапар алат дагы жолдон элди кошуп отуруп, төртүнчү күнү 30-апрелде Балыкчы шаарынан биригишет. Балыкчы тарабын Азимбек Бекназаров менен Мукар Чолпонбаев жетектесе, Жетиөгүз, Тоң тарабына Болот Шерниязов менен Дүйшөн Чотонов көз салат. Бул жөө жүрүштү медициналык жана атайын автоунаалар коштоп жүрөт. (RB)

XS
SM
MD
LG