Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

12:18 УТРК байкоочулар кеңешинин ыдырашына Акүйдүн кийлигишүүсү себеп болду


Бул тууралуу иштебей жатып ыдырап кеткен байкоочу кеңештин мүчөсү Бакыт Орунбеков “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. “Байкоочу кеңеш президенттик администрациянын түздөн-түз кийлигишүүсүнөн, ошолордун жолтоо болушунан иштебей калды. Мыйзамда байкоочулар кеңеши мүчөлөрүнүн 50 пайыздан ашууну чогулганда ишти баштаса болот деп жазылып турат. Чогулуштун болбой калышына президенттик администрациянын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчилери, азырга чейин үч жетекчи алмашты, ошолордун баары түздөн-түз кийлигишип, телефондо коркутуп, кеңештегилердин өздөрүнө, жетекчилерине чалып, жыйналышка келтирбей коюшту”, дейт Бакыт Орунбеков. Анын пикиринде, эгер андай тоскоолдуктар болбосо байкоочулар кеңеши мыйзам боюнча иштей бермек. Эми бүгүн минтип таптакыр башка мыйзам кабыл алынышы менен Кыргызстанда демократиянын изи сууп жатат, жоголуп жатат, коомдук пикир деген, ар кандай пикир деген биздин 1-каналда болбойт, деп белгилейт байкоочу кеңештин мүчөсү.(SM)

XS
SM
MD
LG