Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

ОППОЗИЦИЯНЫ ТҮПТӨН ТҮРТҮП ЧЫГАРЫШТЫ (Сүрөт баян)


Аманбек Жапаров, Бишкек-Ысыккөл “Ыйык жерди коргоо” комитети уюштурган жөө жүрүш айрым бир жергиликтүү тургундардын каршылыгы менен болбой калды. Муну оппозиция өкүлдөрү бийликтин уюштурган чагымы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/8B54220D-5CCC-4021-8337-4C38B231BA88.ASP катары баалашууда. Ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кызматкерлери оппозициянын иш-аракеттерине Түп айлынын тургундары өздөрү каршы чыгышты деген пикирде.



Эртең менен саат 10до Түп айылындагы “Акдан” соода борборунун жанында “Ыйык жерди коргоо” комитетинин төрагасы Мукар Чолпонбаев баш болгон “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылдын мүчөлөрү жана аларды колдогон жергиликтүү элдин өкүлдөрү келе башташты. Жарым саат өтүп-өтпөй албууттанган 5-6 аял келип, Мукар Чолпонбаевди жана жөө жүрүшкө чыгуучуларды Түп айылынан өз каалоолору менен чыгып кетүүнү талап кылышты. Чопонбаев алар менен сүйлөшүү жүргүзүү тилегин билдиргенде аялдарга кошулуп, жоон топ жигиттер ээ-жаа бербей жөө жүрүштү уюштуруучуларды жана анын катышуучуларын сүрүп чыгарышты.



Түп айылынын күн батыш тарабындагы Каркырага кетүүчү жолдун кесилишинде “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, экс-депутат Эркин Алымбеков жана аталган партиянын мүчөлөрү келе жатышканда алардын алдынан оппозициянын келишине каршы болушкан жүзгө чукул айыл тургундары тосуп чыгышты.



Алар Өмүрбек Текебаев баш болгон жөө жүрүштүн катышуучуларын күч менен жолдон сүрүп, МАИ бекетинин жанына чыгууга мажбур кылышты.



Өмүрбек Текебаевдин эл менен жай мүнөздө сүйлөшүү аракетинен майнап чыккан жок. Жаалданган көпчүлүк Текебаевди, Бекназаровду жана алардын тарапкерлерин МАИ бекетинин жанынан сүрүп чыгарышып, Бишкекке тез аранын ичинде кетип калуусун талап кылышты. Пайгамбар жашына жетип калган аялдар Азимбек Бекназаровду “Аксы окуясын Түп жергесинде кайталаганы келдиң” деп айыпташты.



Күн батыш тараптан он чакты жигит менен келе жаткан “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Болот Шерниязовдун алдын тороп чыккан эл кайра артка кайтуусун талап кылышты. Шерниязов Түп айылына барып, эл менен жолугаарын айткан соң белгисиз жигиттер токмокко алышты. Ошол тапта байкоо жүргүзүп турган милиция кызматкерлери арага түшүп, элди тынчтандыруу аракетин жасашты.





Кан басымынын өлчөмү 220-102ге жеткен Болот Шерниязов дарыгерлердин жардамын алды. Анын жанында жаалданган жоон топ аялдар Болот Шерниязовду “Үзөңгүкууш жерин Кытайга бергенсиң” деп күнөөлөштү.



Жөө жүрүшкө чыккандар сапарын улап, күн батышка жол тартышты. Алардын арасында белгилүү саясатчылар Дооронбек Садырбаев, Роза Отунбаева, Иса Өмүркулов, Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Мукар Чолпонбаев, Чолпон Жакупова, Дөөлөт Нусупов, Дүйшөн Чотоновдор болду.



Сарыбулак айылында чагымчылар, атайын даярдыктагы аскерлер жана отузга чукул жоокерлер жол тосуп турат дешип, “Ыйык жерди коргоо” комитетинин штабы жөө жүрүштү белгисиз мөөнөткө чейин токтотуу чечимин кабыл алышып, тыныгуу жарыялашты.

XS
SM
MD
LG