Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ ЧЫККАНДАРДЫ ЖӨӨЛӨГӨН КИМДЕР?


Рита Борбукеева, Каракол Түп районунда 26-апрелде бул жакка жөө жүрүш акциясын баштаганы келген оппозиция лидерлери аларга каршы чыккан топтун ур-токмогуна кабылган эле. Бул окуяга күбө болгон адамдар дубандагы кабарчыбыз Рита Нурмамбет кызына чыр-чатакты баштагандар жергиликтүү бийлик айдактаган адамдар экенин айтышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз кезегинде мындай айыптоолорду жакын жуутпай, четке кагышууда.

Каркыра жайлоосунан 620 гектар жер казак тарапка жөнүндө парламенттик шайлоодогу протоколдордун түп нускасын эл алдына ачыктайлы деп келген “Ата Мекен”, Социалдар-демократтар партиясы, “Ыйык жерди сактоо” комитети жана “Акыйкат үчүн” кыймылдарынын лидер жактоочулары Түп айылында токмоктолуп, жумуртка жана таш бараңга алынган. Өздөрүн Түптөн болобуз деп тааныштырган аялдар жыйын баштала электе эле саясатчылар менен журналисттерди бузуку катары баалап, кубалай башташкан. “Ыйык жерди сактоо” комитетинин уюштуруучусу Мукар Чолпонбаевди өзүнүн автоунаасына мажбурлап отургузуп, кетишин талап кылышкан.

26-апрель күнкү жөө жүрүш алдында “Ак жол” партиясынын облустагы координатору Мурат Жетимишбаев, облустук администрациянын аппарат башчысы, ички иштер башкармасынын жана коопсуздук кызматынын башчылары, ошондой эле башка район, айыл өкмөт башчылары, райондук ички иштер кызматкерлери жүрдү.

“Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Болот Шерниязовду жолунан ызырынган адамдардын тобу тосуп чыгып, таламайга алышкан. Топтун ичинен аар ала кийинген албеттүү жигиттер белгилүү саясатчыга кол көтөрүп да жиберишкен.

- Эй, өлтүрөсүңбү. Сен мени коркута албайсың. Кыргызды кыргызга салды. Кыргызды кыргызга урдуруп, жөн бараткан адамды сабадың,- деп Болот Шерниязов аларга нааразы болгон.

Жергиликтүү активист Өмүрбек Бөлтүрүков оппозиция лидерлерине кол салуу облустук администрация тукуругу менен жасалды деп билдирди.

- Аскар Сыдыков деген Ысыккөл облустук администрациясынын бөлүм башчысы жаш балдарды Азимбек Бекназаровго каршы тукурду. Өзүм көрүп, угуп анан айттым, аныңыз туура эмес деп. Сакалдуу киши.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мындай айыптоолорду жакын жуутпай, четке кагышууда. Алар өз кезегинде жергиликтүү эл оппозициянын саясий акцияларына каршы болгон үчүн алардын кетишин талап кылышты, ал эми милиция коомдук тартипти көзөмөлдөп турду деген гана жүйөөлөрүн кайталашууда.

Түп районунда жөө жүрүш акциясы башталар алдында кыргыз бийлигинин өкүлдөрү кыргыз-казак чегарасы жөнүндө мамлекет аралык сүйлөшүүлөр ийгиликтүү чечилгенин, кыргыз тараптын кызыкчылыгына доо кетпегенин билдиришкен.

- Болгону Каркырадан 620 гектар берилди. Болгондо да чегара жактагы Кеген постуна жакын жер кетти. Ошол эле кезде биз Санташ айылынын 4-фермасы жактан 1150 гектар жер алып атпайбызбы. Анан бул стратегиялык ката деген туура эмес. Бул кошуна менен сүйлөшүү аркылуу ич ара пайданы карап чечтик. Анан ошону улуп-жулуп, туура эмес чечилди деп, саясий оюндарды уюштуруу – бул туура эмес,-деп билдирген болчу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов “Азаттыкка”.

XS
SM
MD
LG