Баткенге чектеш Тажикстандын Исфара шаарында өтчү бул жолугушууда чек ара, жер, сууга байланышкан талаштуу маселелер талкууланмакчы. Ошондой эле тараптар диний экстремизмге, уюшкан кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү маселелери боюнча да сүйлөшүшөт. Жолугушууга эки тараптын коопсуздук кеңешинин катчыларынан сырткары күч структураларынын башчылары, кошуналаш Баткен жана Согду облусунун жетекчилери да катышаары кабарланууда.(SM)