Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

АКШ «Эркин Европа жана Азаттык» үналгысына карата жасалган интернеттик чабуулду айыптоодо


«Азаттыктын» Беларус кызматынын интернеттеги баракчасына каршы интернеттик чабуул жасалгандыгына байланыштуу АКШ өкмөтү терең өкүнүчүн билдирди. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жессика Саймон муну Беларустагы эркин жана көз карандысыз ММКга кол салуу аракеттеринин эң соңку көрүнүшү катары сыпаттады. Өткөн ишембиде «Азаттыктын» беларус кызматынын интернет сайты атайын интернеттик бөгөткө кабылып, мунун натыйжасында «Эркин Европа жана Азаттык» үналгысынын башка да сегиз кызматынын интернет барактарынин иши эки күндөн ашуун убакытка үзгүлтүккө учураган.

XS
SM
MD
LG