Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

15:58 Өкмөттүн маалымат кызматы Каркыра жайлоосу боюнча дооматтар негизсиз деп эсептейт


Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы Каркыра жайлаоосундагы жерлердин алмашуусу боюнча бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Анда кыргыз-казак чек арасы боюнча келишим ратификацияланганына карабай айрым саясатчылар жана маалымат каражаттары ар кандай уу-дуу кептерди таратып, аны саясий курал катары пайдалануу аракетин азырга дейре улантып жатканы айтылат. Билдирүүдө 1998-2001-жылдардагы чек ара аныктоо учурунда мурдагы Советтер Союзунун учурунда кол коюлган үч документтин негизинде эки тарап үчүн тең ыңгайлуу вариант тандалып, юридикалык жактан Казакстанга тиешелүү болгону менен Кыргызстандын чарбачылыгы үчүн пайдаланылып келген Ийрисуу жана Кылчыкбай дарыяларынын ортосундагы 1150 гектар жер Кыргызстанга өтүп, казак тарапка 620 гектар жер берилгени, чек ара тактоодо Түп районунун ошол аймакта жашаган калкынын кызыкчылыктары эске алынганы, мындан Кыргызстан эч кандай зыян тартпаганы белгиленген. Ушундан улам айрым саясатчылардын бул келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы корголгон эмес деген дооматтары негизсиз деп айтылат билдирүүдө.(SM)

XS
SM
MD
LG