Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

АКШ КОНГРЕССИ ГРУЗИН-АБХАЗ МАСЕЛЕСИНДЕ ОРУСИЯГА КАРШЫ


Каарманбек Кулуев, Бишкек Орусия менен Грузиянын ортосундагы мамилелер чыңалып жатканы АКШда да каршы реакцияны пайда кылды. Конгресс Орусиянын Грузияга каршы аракеттерин жана айткан сөздөрүн “коопсуздукка залака тийгизген жана провокациялуу” деп тааныган резолюцияны карады.

АКШ Конгресси Орусияга каршы резолюцияны талкуулаганы менен, иш жүзүндө бул талкууда бир тараптуу пикирлер гана айтылды. Сүйлөгөндөрдүн баары - үчөө тең - Грузияны колдоо зарыл экенин белгилешти.

Калифорниядан шайланган демократ конгрессмен Даяна Ватсондун айтымында, соңку окуялар Путиндин агрессордук мүнөзүн ачыкка чыгарды.

- Анын агрессивдүү аракеттерин Саакашвилинин дипломатиялык позициясы менен салыштырып көргүлө. Грузин президенти Кавказдагы көйгөйлөрдү чечүүдө тынчтык жолун жана сүйлөшүүлөрдү туу тутуп келет. Саакашвили туура айткандай, Абхазия менен Грузияннын ортосунда сүйлөшүү жолу менен чечилбөөчү маселе жок.

Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин таанууга жасаган Орусиянын кадамы өзгөчө катуу сынга алынды. Бул жаатта демократ Ватсонду техастык республикачыл конгрессмен Тед По да колдоду.

- Бир убакта биз ойлочубуз, Орусия Грузиядагы сепаратизм көйгөйүн чечүүдө позитивдүү роль ойнойт деп. Бирок мындай оптимизм бара-бара жоголуп деле кетти. Биз азыр көрүп тургандай, Орусия Грузиянын бейстабилдүүлүгүнө, экономикалык өнүгүүсүнүн токтоп калышына, жада калса, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жокко чыгарганы кызыкдар.

Дагы бир конгрессмен Элисон Швартцтын айтымында, Орусиянын соңку аракеттери аны Грузияны колдоп берүүгө түртүп жатат. Швартц белгилеп өткөндөй, 16-апрелде Орусия Абхазия жана Түштүк Осетия менен расмий алакаларды түзүү тууралуу билдирүү жасаган. Мындай саясаттын жыйынтыгы тууралуу конгрессмен Швартц төмөндөгү божомолдорду айтты.

- Орусия аталган аймактарды Грузиядан бөлүп, өзүнө кошуп алуу аракетин көрүп жатат. Дүйнөлүк коомчулук мындай аракеттерге жол бербестигин Европа Биримдиги да, НАТО (Түндүк Атлантикалык альянсы) да билдирген. Орусия дүйнөлүк коомчулуктун пикирине кулак салбай, төрт күндөн кийин эле кайра көйгөйдү курчутуп жатат.

Ошол күндөрү, Грузин бийлигинин билдирүүсүнө караганда, орус аскери Грузиянын аймагындагы учкучу жок учакты атып түшүргөн.

Швартц Грузияны Кавказдагы АКШнын негизги өнөктөшү катары баалап, Вашингтон Тбилиси менен достук алакаларды сакташ керек экенин айтты.

Грузияны колдогон резолюцияга каршы эч ким сүйлөгөн жок. Анткен менен, өткөн жумада Конгресстин Европа боюнча комитеттинин мүчөлөрү өз пикирин билдиришти. Ага ылайык, резолюцияны жумшартуу сунушталган. Комитеттин пикиринде, аталган документте колдонулган тил дипломатиялык жаатта абдан орой угулат.

Конгресстин 5-майдагы отурумунда сунушталган резолюция кабыл алынбай калды. Анткени Эл өкүлдөр палатасында керектүү кворум чогулган жок. Резолюция качанкыга жылдырылганы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG