Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:52

14:16 Орусиядагы Панфилов музейине Кыргызстандын атынан улуттук белектер тапшырылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров билдирди. Элчинин айтымында, 9-майда Москва облусунун Волоколамск районунун Нелидово кыштагында салтанаттуу жыйын өттү. Ага элчиликтин кызматкерлери, Москвада жашаган ардагерлер, кыргыз диаспораларынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана Кыргызстандын Орусиядагы министрлик жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышты. Митингдин катышуучулары Панфилов дивизиясынын 28 жоокерине орнотулган мемориалдык комплекске гүл чамбараларды коюп, Улуу Атамекендик согушта курман болгондорду эскеришти. Андан соң Панфиловчулардын музейине Кыргызстандын атынан улуттук белектер жана согушка тиешелүү материалдар тапшырылды. (ZMa)
XS
SM
MD
LG