“Исламды окутуу жана иликтөөлөрдөгү усулдук проблемалар” деп аталган регионалдык конференцияда ислам теологиясы, тарыхы, өзгөчөлүгү жана бүгүнкү күндө мусулмандар туш болуп жаткан кырдаал талкууланат. Конференция ЮНЕСКОнун жардамы менен уюштурулуп, кыргыз-орус славян университетинде өтөт. Иш чарага чет өлкөлүк жана жергиликтүү окмуштуулар катышат. Бул тууралуу АКШнын Гарвард университетинин Борбор Азияны иликтөө борборунан кабарлашты.(AiT)