Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

«Хезболла» уюму бүгүн Бейруттан куралчан адамдарын чыгарып кетти


Уюмдун телеканалы кабарлаганына караганда, «Хезболла» жетектеген оппозициялык күчтөр Ливандын баш калаасынан чегинишет, бирок граждандык баш ийбөө кампаниясы алардын талаптары аткарылмайынча улана берет. Ливан армиясы борбор шаардын түндүгүндөгү турумдарын кайра ээледи. Көчө кармаштары Ливандын батышчыл өкмөтү Иран менен Сириянын колдоосуна ээ болгон шийи топтордун таасиринен арылууга аракет көргөндө башталган. Кагылышууларда кеминде 25 киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG