Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

13-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстан аймагында орун алган айтылуу Каркыра базары 1921-жылдын 13-май күнү ачылган. Фрунзе шаарынын эмблемасын аныктоо үчүн өткөрүлгөн конкурс жыйынтыгы 1969-жылдын 13-майында чыгарылган.

Орус-жапон согушунан жапа чеккен империялык бийлик, 1904-жылдын бул күндөрү Түркстан аймагында жашаган калктан акча чогултуу кампаниясын өткөрүүнү уланткан. Кампания «орус-жапон согушуна ыктыярдуу жардам» деген ураан менен уюшулуп, орус маалымдоо каражаттарынын кабарлоосуна караганда Түркстан аймагынан арбын көлөмдө жардам көрсөткөн адамдардын бири - Алайда жашаган Курманжан датка болгон.

Совет бийлиги жакынкы коңшулары менен соода-экономикалык мамилени жакшыртуу максатында 1921-жылдын 13-май күнү айтылуу Каркыра базарын ачкан. Каркыра базары Каракол шаарынан 80 чакырым узактыктагы айтылуу Каркыра жайлоосунда орун алган. Жазма булак маалыматтарына караганда Каркыра жайлоосу нукура кыргыздын жери эсептелинип, базарга келген соодагерлер да «кыргыз жерине» жана «кыргыз базарына» бара тургандыгын кабарлашкан.

Каркыра базары 1916-жылга чейин иштеп, 1916-жылкы көтөрүлүш айынан жана Совет бийлигинин орношуна байланышкан оор саясий кырдаалга байланыштуу убактылуу жабылган. Каркырадагы Биринчи советтик жарманке зор салтанат менен ачылып, ачылыш салтанатка советтик бийлик өкүлдөрү менен кытайлык соодагерлер катышкан.

Фрунзе шаарынын эмблемасын аныктоо үчүн өткөрүлгөн конкурс жыйынтыгы 1969-жылдын 13-майында чыгарылган. Атайын уюшулган жюри комиссиясы жүздөгөн жарышка түшкөн эскиздерди талдап, акыры бул күнү жеңүүчүнүн ысмы белгилүү болгон. Конкурсттук жюринин чечимине ылайык Фрунзе шаарынын эмблемасына шаардын башкы сүрөтчүсү С. Бакашевдин долбоору жактырылган. Жарышта жеңген эмблема аябагандай жупунулугу менен жюри мүчөлөрүнүн купулуна толгон. Эмблемага күндүн нуру шекилиндеги дисктин фонунда желдей жеңил, шамалдай ийкем тулпардын сүрөтү тартылган.

Бишкектин тургундары үчүн 1994-жылдын бул күндөрү борбор шаардын парктары жана сейил бактарында эс алуу үрөй учурган илдетке кабылуу коркунучун жаратты. Шаардык санэпидемиялык станциялардын эскертүүсүнө караганда күндүн ысышына байланыштуу парк жана сейил бактарга оор сыркоо жарата турган энцефалиттик мителер жайылган. Санэпидемиялык станциялардын адистери шаар калкын жаратылышка чыгууну азайтууну, эгер паркка чыккан күндө да чөпкө отурбоону эскерткен билдирүүлөрдү таратышты.
XS
SM
MD
LG