Борбор Азия Америка университетинин чакыруусу менен Орусиянын атактуу журналисти, “Времена” аттуу аналитикалык программанын алып баруучусу Владимир Познер Бишкекке келмекчи. 27-28-май күндөрү улана турган эки күндүк иш сапарында В.Познер студенттерге журналисттик иликтөө боюнча мастер-класс өтмөкчү. Ошондой эле ал 28-май күнү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен да жолугушуп, тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү. Бул тууралуу окуу жайдын ММК менен байланыш бөлүмү маалымдайт. (IJz)