Бүгүн Жалалабатта Бишкек гарнизондук аскер соту Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткан ички иштер министринин мурдагы орун басары Калмурат Садиевге байланыштуу кылмыш ишин кароону улантат. Кечээги сот отурумунда Аксы окуясында курман болгон Элдияр Үмөталиевдин атасы Анарбай Үмөталиев жактоочусунун жана аксылык жабырлануучулардын жоктугунан сотко катышпай чыгып кеткен. Ошондой эле бүгүн түштөн кийин Республикалык аскер соту Зоотбек Кудайбергенов, Садырбек Дубанаев, Кубанычбек Токобаевдин Аксы окуясы боюнча Бишкек гарнизондук сотунун чечимин жокко чыгаруу тууралуу доо арызын кароону улантат. (AJ)
07:11 Жалалабатта Бишкек гарнизондук аскер соту Калмурат Садиевге байланыштуу ишти кароодо