Долбоордун демилгечиси депутат Рашид Тагаев мыйзамдын максаты уюшкан кылмыштуулуктун алдын-алуу деп билдирди. Уюшкан кылмыштуулук жаңы тарапкерлерди табуу жолунда экенин депутат белгилеп, мисал катары акыркы мезгилдерге кылмыштуу дүйнөнүн “түшүнүктөрү” жайылып баратканын атады. Малыматка караганда, азкыркы мезгилде Кыргызстанда 8 уюшкан кылмыштуу топ бар.Алардын катарында 200дөн көп адам турат. Депутаттар мыйзам долбоорун негизинен колдошуп, бирок ага айрым кошумчаларда киргизүү максатында биринчи окууда кабыл алышты.(AiT)
12:42 Жогорку Кеңеш “Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча” мыйзамды биринчи окууда кабыл алды