Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:28

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: МАМЛЕКЕТ АЛСЫЗ, БИЙЛИК МУНЖУ


Бүгүн “Акыйкат үчүн”кыймылынын координациялык кеңешинин отуруму болот. Анда 21-майда боло турган жыйында карала турган маселелер жөнүндө сөз козголмокчу. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” оппозициянын мындан аркы иш-аракеттери жөнүндө кеп салып берди.

-“Ак Шумкар” партиясы менен “Ата Мекен” партиясы былтыр шайлоо алдында бирикти эле. Эми “Ак Шумкар” бөлүнүп өз алдынча иш алып кете турганын билдирүүдө. Бул эмнени билдирет?

- Былтыр шайлоо алдында бийлик оппозициялык маанайдагы жана жалпы эле майда партияларга тоскоолдуктарды койгон. Партиялар шайлоо алдында күчтөрүн бириктирбес үчүн блокторду түзгөнгө тыюу салган. Партиялар өз алдына гана катышууга тийиш болгон. Ошол себептүү бир нече партия “Ата Мекен” партиясына биригип, ошонун туусун көтөрүп, бирдиктүү тизме менен чыгышкан. Ошонун ичинде “Ак Шумкар” партиясы да бар болчу. Бул ошол мезгилде күчтү бириктиргенге, оппозициянын ынтымакташына каршы бийликтин жасаган айла-амалдарын айланып өтүү ыкмасы болгон. Бул шайлоо алдындагы убактылуу биригүү болчу. Эгер парламентке өтүп калганда, албетте, бул саясий күчтөр бир болмок. Анткени партиядан чыгуу Жогорку Кеңештеги ордун, мандатын жоготконго тете болмок. Тилекке каршы, бурмалоо жана басмырлоонун натыйжасында партия парламентке кирбей калды. Мындай шартта ар бир партия өз алдынча өз идеологиясына ылайык иш алпарганы туура деп эсептейбиз. “Ак Шумкар” солчул либералдык оңчул партия. “Ата Мекен” болсо солчул демократиялык партия болуп саналат.

-Эки партиянын биригиши канчалык натыйжалуу болду деп ойлойсуз?

-Официалдуу эмес маалыматтарга караганда жалпы шайлоочулардын жарымынан көбү биздин партияга добуш берди. Бул, албетте, биздин бириккенибиздин натыйжасы болуп саналат.

- Оппозициялык күчтөрдүн 21-майда боло турган жыйынында Түптөгү жөө жүрүштүн сабактары да каралган жатат. Түптөгү чагымчыл аракеттер боюнча “Ата Мекен” партиясы Башкы прокуратурага кайрыларын билдирген эле. Бул иш кандай жүрүп жатат?

- Азыркыга чейин укук коргоо органдары ал окуялар боюнча иш козгогон жок. Бизде оперативдүү мүмкүнчүлүктөр жок. Биз чагым салган адамдар ким экенин жай аныктап атабыз. Түптүк туугандар чагымчыл адамдар ким экенин, канча акча үчүн, кандай тууганчылык үчүн ушундай ишке баргандыктары маалымат берип жатышат. Ошол маалымат топтолгондон кийин биз сөзсүз түрдө Башкы прокуратурага кайрылабыз.

-Ошол Түптөгү окуялардан кийин оппозциция тарады деген пикирлер айтыла баштады. Оппозициянын бүгүнкү абалын кандай мүнөздөсө болот?

- Оппозиция ал жерге катындар менен кармашканды максат кылып барган жок. Эгерде элүү-алтымыш адамды каршы коюп, мамлекет, аким, губернатор, укук коргоо органдары колдоп турса, президенттин иш чарасынын деле ишпалдасын чыгармак.
Ошондуктан, оппозициянын утулушу атайын жасалып аткан мамлекеттик саясат. КТР көрсөтүп аткан үчүн мен ушундай деп билдирем. Бул мамлекеттин алсыздыгын, бийликтин мунжулугун көрсөтөт.

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG