Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Корея Республикасында Кыргызстандын элчилигин ачуу боюнча уюштуруу иш-чаралары жүрүп жатат. Тышкы иштер министрлиги Корея өкмөтүн Сеулдагы Кыргызстандын консулдугун толук кандуу дипломатиялык өкүлчүлүк катары түзүү тууралуу расмий түрдө кабардар кылды. Бул иш-чаралар президенттин 2008-жылдын 29-январындагы “Корея Республикасында Кыргыз Республикасынын элчилигин түзүү” жөнүндө жардыгынын негизинде аткарылып жатат. (IJz)