Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Түркмөн жана Азери президенттери энергетика байланыштарын күчөтүүгө үндөштү


Эки өлкөнүн лидерлери белгилегендей, Азербайжан менен Түркмөнстандын Каспий аймагындагы кызматташуусу чыңалмакчы. Кечээ Бакыда Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана анын түркмөн кесиптеши Гурбангулы Бердимухаммедов жолугушту. Анын жыйынтыгында тараптар транспорт коридору, чек ара маселелери боюнча бир нече макулдашууга жетишити. Жолугушуу учурунда Борбор Азия, Түркия, Азербайжанды Европа менен байланыштырган мунай жана газ куурларын куруу демилгеси көтөрүлдү. Аталган куур Каспий деңизи аркылуу тартылып, Орусияны айланып өтмөкчү. Евробиримдик менен АКШ колдогон бул планга Орусия каршы.

XS
SM
MD
LG