Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:13

13:13 Аликбек Жекшенкулов: “Агым” гезитинде жазылгандардын баары - калп


“Акыйкат үчүн” оппозициялык кыймылынын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкулов “Агым” гезитинин бүгүнкү санында өзү жөнүндө айтылган маалыматты четке какты. “Азаттыктын” кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, А.Жекшенкулов аталган гезит соңку учурларда Акүйдүн саясий куралына айланганын, оппозиция лидерлерин каралаган макалаларды көп жарыялай баштады деп эсептээрин айтты. “Агым” гезити бүгүнкү санында “Аликбек Жекшенкулов калп эле оппозиция терисин жамыныш эткени менен, тымызын Акүйгө жалдырап, Автриядагы элчиликти сурап атканын уктук” деп жазган эле. Аликбек Жекшенкулов ага жооп иретинде “Бул ушакты Акүйдүн саясий технологдору менин аброюма шек келтирүү максатында чыгарышкан. Бул бийлик менен мен иштебейм, андан эч кандай кызмат сурабайм” деп айтты. (TD)

XS
SM
MD
LG