Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:10

10:42 Коомдук китепканалардын Биринчи форуму өтөт


2010-жылга чейин Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында 27-майда Коомдук китепканалардын Биринчи форуму өтөт. Анда “Маданий саясат жана китепканалар”, “Коомдук китепкана: маалыматка ээ болгон коомго карай жол”, “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу менен китепканалардын кызматташтыгы” деген темаларда талкуу болот. Мындан сырткары форумда “Окуйлу кыргыз китептерин” деген аталыштагы көргөзмө өтөт. Анда 1991-жылдан берки кыргыз жазуучуларынын чыгармалары коюлат. Форум Маданият жана маалымат министрлиги менен Кыргызстандын улуттук китепканасынын колдоосунда уюштурулуп жатат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG