Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

11:07 Эркин Мамбеталиев өмүрүнүн акырына чейин күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди


Мындай өкүм Биринчи май райондук сотунун кечээки отурумунда чыкты. Мындай маалымат бүгүн райондук соттон такталды. Сот өкүмүнө ылайык Эркин Мамбеталиевге Кылмыш кодексинин 230, 97, 174, 105 жана 241-беренелери боюнча бандитчилик жасаган, экиден ашык киши өлтүргөн, адам өмүрүнө кол салган, мүлктү атайылап жок кылган же зыянга учураткан, ден соолукту атайылап оор запкы келтирген, мыйзамсыз курал алып жүргөн жана сактаган деген айыптар тагылды. Натыйжада Мамбеталиев 2003-жылы Таалай Абасовду өлтүргөн, анын аялынын өмүрүнө кол салган, полковник Чыныбаек Алиевди өлтүрүүгө катышкан, Жыргалбек Сурабалдиевди өлтүргөн деп табылды.
Мамбеталиев айыптуу деп табылган окуяларда Савельев жана Айтматов аттуу жарандар атылган октордон жарат алышкан. Эркин Мамбеталиев мурда ашынган кылмышкер саналган маркум Рысбек Акматбаев баштаган топтун катарында да соттук териштирүүлөрдө болгон. Мурда Мамбеталиев Социал-демократтар партиясынын башчысы Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болуп иштеген. (BuS)

XS
SM
MD
LG