Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

ГРУЗИЯДА ОППОЗИЦИЯ АКЦИЯСЫН 10-ИЮНГА КАЛТЫРДЫ


Тбилисинин борбордук аянтында дүйшөмбү күнү азан-казан эл катышкан эки жыйын болду. Адегенде Грузиянын эгемендигине арналган аскерий парад өттү. Андан соң аянтка оппозициянын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/9A66EAF0-403C-481E-974F-D89CD65B6335.asp тарапкерлери чыгышты. Алар акциясын эмдиги айда улантууну чечишти.

Оппозицияны жактап, аянтка болжол менен он миңдей киши чогулду. Алар шайлоону жараксыз деп табууну, парламентти таркатууну талап кылышты, бул үчүн бийликтерге эрте бешимге чейин мөөнөт беришти. Эгер шарт аткарылбаса, митинг мөөнөтсүз деп жарыяланарын, ачкачылык акциялары башталарын жана президентти бийликтен кетирүү талабы башкы ураанга айланарын эскертишти.

Президент Саакашвили түштөн кийин өткөргөн маалымат жыйынында Грузия татаал сыноодон ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, бардык саясатчыларды өлкөнүн биримдиги үчүн иштөөгө чакырды. “Оппозиция менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө даярбыз, бирок ультиматум түрүндө коюлган талаптарды аткарбайбыз”,- деп айтты ал.

Өткөн шайлоодо парламенттеги 150 орундун 120сын президенттин партиясы утуп алды. Калган отуз мандат оппозициядагы партияларга тийди. Алардан жаңы парламентке киргенге эки гана депутат макул болду. Калгандары мандаттарынан баш тартышты.

Шайлоону европалык байкоочулар демократиялык стандарттарга толук төп келбесе да жалпысынан дурус баалашкан эле. Буга байланыштуу бириккен оппозициядагы лидерлердин бири Леван Гачечиладзе: “Биз жөнүндө америкалыктар эмне ойлойт – мени кызыктырбайт. Биз жөнүндө европалыктар эмне ойлойт – мага кызык эмес. Биз грузин мамлекетин кургубуз келет!”-деп билдирди.

Ошол эле күнү шайлоонун акыркы, корутунду натыйжалары жарыяланат деп жатышкан эле. Бирок борбордук комиссия бул ишти эмки айдын башталышына калтырды, ага чейин бардык арыздарды, дооматтарды териштирүүнү чечти. Гачечиладзе муну оппозициянын биринчи жеңиши деп баалады жана митингге чыккандарды тынч тараганга чакырды.

Акция эми 10-июнда улантылат. Бул күнү парламенттин биринчи сессиясы ачылат. Оппозиция депутаттарды ага киргизбейбиз деп жатышат. “Добуштарды бурмалоо жолу менен шайланган парламентке биринчи жыйынын өткөргөнгө мүмкүндүк бербешибиз керек, биз буга каныбыз төгүлсө да жетишебиз”,-деп айтты Гачечиладзе.

XS
SM
MD
LG