Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:15

17:55 Москвада жүздөн ашуун кыргыз мигранттары кармалды


Бул тууралуу орусиялык “ИТАР-ТАСС” маалымат агенттиги кабарлоодо. Маалыматка ылайык, Москвада мыйзамсыз иштеп жүргөн жүздөн ашуун кыргыз атуулдары жашоого жараксыз үйдө 12 – 15тен болуп адам чыдагыс шартта жашашкан. Бул туурасында коңшу үйдүн тургундары Федералдык миграция кызматына кабар беришкен. Аталган кызматтын өкүлдөрү текшерүүдө кыргызстандыктар Москвада каттоосуз иштеп жүргөнүн аныкташкан. Аларды жумушка алып, жараксыз үйдө жашоого уруксаат берген уюм аныкталууда деп маалымдайт агенттик. (ESu)
XS
SM
MD
LG